08
Ноябрь
Жоомарт Оторбаев: «Шабдан - баатыр — элдин сый-урматына эгедер болгон өз мезгилинин алдыңкы инсаны болуп саналат»
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев мамлекеттик жана аскердик ишмер Шабдан – баатырдын туулгандыгына 175 жыл толгондугуна байланыштуу салтанаттуу иш-чарага катышты.
Иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Өкмөт башчы Шабдан Жантай уулунун кыргыз-орус мамилелерин түптөндүрүүгө жана өнүктүрүүгө жана кыргыз-түрк кызматташуусун курууга кошкон өзгөчө салымын белгиледи.
«Шабдан - баатыр — элдин сый-урматына эгедер болгон өз мезгилинин алдыңкы инсаны болуп саналат », — деди Жоомарт Оторбаев.
Премьер-министр Шабдан- баатырдын билим берүү тутумун өнүктүрүү жана мусулман чогулуштарын түзүү, кыргыз балдары өз эне тилинде билим алууга мүмкүн болгон медресе-мектептерди ачууга карата күч-аракетин белгиледи. Шабдан- баатыр кыргыз элинин жерге карата укугун коргоо боюнча жигердүү аракеттерди жасаган, мыйзам чыгаруу органдарынын курамында жергиликтүү эл өкүлдөрү болуусу үчүн күрөшкөн.
“Шабдан- баатырдын жашоо тарыхы, анын аскер башчы жана мамлекеттик ишмер катары басып өткөн жолу адамдык жеке сапаттары жана акылмандыгы, Мекенге карата болгон ыйык патриоттук сезимдери Кыргызстан тарыхынын барактарында келечек муундар үчүн үлгү болчу мурас катары жазылып калат”,- деди Жоомарт Оторбаев.
[su_carousel source="media: 45247,45248,45249,45250,45251,45252" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү