19

Январь

2013

Бул тууралуу бүгүн Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев журналистер менен жолугушуусунда билдирди.

“Мен кыска мөөнөт менен Баткен облусунда иш сапарда болуп,  Сох анклавына жакын жайгашкан чек ара боюндагы айылдарын тургундары менен жолугуштум. Ал жерде кырдаал туруктуу, айылдыктар тарабынан агрессия байкалбайт”,-деди Биринчи-вице-премьер-министр.

Өкмөт республикадагы чек ара боюндагы райондордун, өзгөчө Баткен облусундагы чек ара аймактарын өнүктүрүү программасын ишке ашырууну алдыга коюда деп белгиледи Ж.Оторбаев. “Жакынкы  бир нече айдын ичинде Сох анклавына жакын Баткен облусундагы чек ара боюндагы айылдарды колдоо максатында кошумча 15-20 млн. сом бөлүнөт. Бул каражаттар жолдорду, элект өткөрүү линяларын  курууга жана оңдоого, таза суу менен камсыздоого жумшалат. Бирок биздин биринчи кезектеги негизги милдетибиз макулдашылган чек ара тилкелерин тосуу болуп эсептелинет”,- деп кошумчалады Жоомарт Оторбаев.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү