30

Октябрь

2014

Жоомарт Оторбаев: «Маданият жаатында жакшы менеджмент зарыл, ал муундан муунга өтүп келе жаткан салт, ишеним жана баалуулуктар тутумун сактоого гана эмес, аны өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет”

Бүгүн, 30-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жаңыдан жетекчи катары дайындалган Алтынбек Максутовду кабыл алды. Өкмөт башчы белгилегендей, мамлекеттик саясаттын келечектүү багыттарынын бири катары улуттук өзгөчөлүктүн негизин түзгөн маданий, тарыхый жана чыгармачылык мурасты өнүктүрүү болуп саналат. «Маданият жаатында жакшы менеджмент зарыл, ал муундан муунга өтүп келе жаткан салт жана ишеним баалуулугун сактоого гана эмес, аны өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет”, — деди Жоомарт Оторбаев. Премьер – министр А.Максутовго маданият тармагына жеке инвестицияларды жана меценаттарды тартуу боюнча чет мамлекеттердин тажрыйбасын жигердүү киргизүүнү сунуштады, мындай кадам маданий мекемелерди, тактап айтканда, музей жана театрларды модернизациялоого мүмкүндүк берип, элдик чыгармачылыктын сакталышына шарт түзөт. Өкмөт башчы министрдин көңүлүн өлкөдө санариптик телеберүүнү киргизүү процессин активдештирүүгө буруп, бул максатта Өкмөт тарабынан кошумча түрдө 100 млн сом бөлүнгөндүгүн билдирди. Жолугушуу учурунда Өкмөт башчы белгилегендей, туристтик тармак Кыргызстан экономикасынын киреше алып келүүчү тармагы катары эсептелип, маданият жана маалыматтык камсыздоо жааты менен тыгыз байланышкан. Өкмөт башчы ошондой эле министрликтин кадрдык мүмкүндүктөрүн чыңдоо жана таланттуу жаштарга колдон келген көмөктү көрсөтүү зарылдыгын белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө белгиленгендей, акыркы жылдары Кыргызстан “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары”, улуу кыргыз акыны Т.Сатылгановдун юбилейи сыяктуу көлөмдүү маданий чараларды өткөрүү жана “Курманжан-Датка” заманбап тарыхый тасмасын жаратуу аркылуу өлкөнүн этномаданий түркүн-түстүүлүгүн кеңири тартуулоодо. Мындай иш-чаралар Кыргызстандын дүйнөдөгү аброюнун жогорулашына түрткү берип, жагымдуу образынын чыңдалышына өбөлгө түзөт. “Биз сиздерден өлкөдөгү маданиятты жогорулатууга, туристтик тармакты өнүктүрүүгө, ошондой эле маалыматтык камсыздоо тармагын жакшыртууга багытталган конкреттүү, чыныгы реформаларды күтөбүз», — деди Жоомарт Оторбаев. Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт мындан ары карай да Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ишмердүүлүгүнө көмөк берүүсүн улантат.

[su_carousel source="media: 44727,44728,44729" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү