08

Декабрь

2014

Жоомарт Оторбаев: «Евразиялык экономикалык бирликке кошулуу жөнүндө Келишим долбоорунун бардык маселелери өлкө кызыкчылыгын эске алуу менен чечилиши керек»

Бүгүн, 8-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында КР өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасынын Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусу боюнча ведомство аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Күн тартибинде Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө келишимге кошулуусу тууралуу келишим долбоорунун пункттарын тыкыр талкуулоо маселеси коюлган.

Комиссия жыйынын ачууда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев белгилегендей, Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Игорь Шувалов, Евразия экономикалык комиссия коллегиясынын төрагасы Виктор Христенколор менен иштиктүү жолугушуулар орун алып, анда Кыргызстандын Евразиялык аймактын интеграциялык процесстерине катышуу маселеси талкууланган.

«Россия Кыргызстандын интеграциялык биримдиктерге кошулуусун колдоого алат. Биз жыйынтыктоочу баскычта турабыз, Келишимге кол коюуда юридикалык коллизиялардын орун албашы үчүн укуктук мүнөздөгү маселелерди чечүү зарыл. Бардык маселелер өлкө кызыкчылыгын эске алуу менен чечилиши кажет, ошондуктан Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык бирликке кошулуу жөнүндө Келишиминин ар-бир пункту тыкыр каралышы керек», — деп белгиледи Өкмөт башчы.

Андан соң ведомство аралык комиссия мүчөлөрү Келишим пункттарын талдоого өтүштү.

Аталган маселе боюнча КР экономика министри Темир Сариев маалымат берди. Министр белгилегендей, Ведомство аралык комиссиянын иши үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүүдө, алсак, Жогорку экономикалык комиссиянын кароосуна сунушталган Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык бирликке кошулуу жөнүндө Келишим долбооруна тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилген.

«ЕЭК мүчөлөрү Келишим долбоорун карап чыккан соң, өз түзөтүүлөрүн киргизди, учурда биз киргизилген өзгөртүүлөр канчалык деңгээлде өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына дал келээрин чечүүбүз керек, пикир алмашуу зарыл», — деди Темир Сариев.

«Биз өлкө үчүн ыңгайлуу вариантты кабыл алып, улуттук кызыкчылыктарды алга жылдыруубуз керек, бардык ведомстволордун ырааттуу ишинин натыйжасында аны ишке ашыруу мүмкүн», — деди Өкмөт башчы.

Ведомство аралык комиссия кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча Келишим долбоорунун ортодогу долбоорун макулдашуу жана ЕЭК мүчөлөрүнүн сунуштарын мамлекет кызыкчылыгын алга жылдыруу боюнча сүйлөшүү процессин улантуу чечими кабыл алынды.

[su_carousel source="media: 47232,47233,47234,47235" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү