23

Октябрь

2013

Бүгүн, 23-октябрда  Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри  Жоомарт Оторбаев жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев Россия Федерациясынын Урал жана Сибирь федералдык округдарында жашашкан кыргызстандык эмгек мигранттары, ошондой эле Новосибирск шаарындагы жогорку окуу жайларында билим алып жатышкан аспиранттар жана студенттер менен жолугушушту.

Жолугушууда Россия Федерациясындагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын көйгөйлүү маселелери талкууланды.

Жоомарт Оторбаев Кыргыз Өкмөтү эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүнө ардайым көңүл буруп жаткандыгын белгилеп, жолугушууга катышып жаткандарды министерстволор менен ведомстволордун дарегине сунуш-пикирлерди айтууну сунуш кылды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү