30

Октябрь

2013

Бүгүн, 30-октябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Эл аралык соода борборунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Эл аралык соода борбору жана эл аралык кызматташтык коомунун шериктештиги менен иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарга карата экспортун өнүктүрүү Стратегиясынын долбоору талкууланды.

Белгилөөчү жагдай, документти жазууда сооданын өнүгүшүн анын кеңири алкагында кароого, жакырчылыкты кыскартуу маселелерин камтыган, аялдардын жөндөмүн күчөтүүгө, айлана-чөйрөнү коргоого  багытталган Эл аралык соода борборунун тажрыйбасы жана ыкмасы пайдаланылды.

Жоомарт Оторбаев көрсөткөн жардамы үчүн борбордун өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди. “Стратегияны иштеп чыгууга мамлекеттик маани берилген. Бул Өкмөт үчүн артыкчылыктуу маселелерден. Сиздердин тажрыйбаңыздар Кыргызстан үчүн абдан маанилүү”,-деди биринчи вице-премьер-министр.

Өз кезегинде Эл аралык соода борборунун базарларды өнүктүрүү башкармалыгынын мүдүрү Ароэ Андерс бүгүн экспортту өнүктүрүү Стратегиясын сунуштоо баардык кызыктар тараптардын катышуусу менен өтүп жаткандыгын айтты. Иш-чаранын максаттарынын бири – аталган документтин ишке ашуусуна эл аралык уюмдардын жана донорлордун көңүлүн буруу болду.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү