30

Октябрь

2013

Бүгүн, 29-октябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Швейцария Конфедерациясынан Европа Кеңешинин депутаты Андреас Гросс башында турган Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын делегациясы менен жолугушту.

Жолугушууну ачып жатып Жоомарт Оторбаев биздин өлкө Кыргызстан үчүн сырткы саясий негизги өнөктөш болгон Европа Кеңеши жана Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы менен мамиленин өнүгүшүнө өзгөчө маани берээрин белгиледи.

“Кыргызстан – Борбордук Азиядагы биринчи парламенттик демократия. Биздин жаңы коомдун курулушунан үмүтүбүз чоң жана экономиканын өнүгүшү үчүн иштейбиз. Анткен менен адамдар чыдамсыз, бул дайыма болуучу көрүнүш. 2012-жылы бир миңден ашуун митинг, пикеттердин катталгандыгын айтуу эле жетиштүү. Адамдар өз пикирлерин айтууга укуктуу, бул биз үчүн маанилүү”,- деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө Биринчи вице-премьер-министр жана Европа Кеңешинин депутаттары өлкөдөгү коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык кырдаал туурасында пикир алышышты. Кыргызстан менен Европа Кеңешинин  мындан аркы кызматташтыгы туурасында талкуулашты.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү