27
Ноябрь
Бүгүн, 26-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Кыргыз Республикасындагы Азербайжан Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Гидоят Оруджева менен жолугушту.
Жолугушуу 2014-жылдын башында өтүүгө мерчемделип жаткан кыргыз-азербайжан өкмөттөр аралык комиссиясына даярдыктын алкагында болду. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү маселеси талкууланды. Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуу боюнча долбоорлор жөнүндө да сөз болду.
Жоомарт Оторбаев Бишкекте кайрадан жаңыртылып жаткан Гейдар Алиев атындагы парктын жана Азербайжан Өкмөтүнүн колдоосу менен курулуп жаткан мектептин курулушунун тез арада аяктоосуна ишеним артаарын билдирди.
Өз кезегинде элчи жогоруда айтылган маселелер боюнча дипломатиялык миссиянын алкагында иш жүрүп жаткандыгын айтты. Ушул жылдын 18-декабрында Азербайжанда Кыргыз Эл жазуучусу Чынгыз Айтматовдун урматына мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара болоорун маалымдады. Аталган иш-чарага маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев башында турган Кыргызстандын өкүлчүлүгү катышаары күтүлүүдө.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү