28
Октябрь
Бүгүн, 28-октябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Нидерланды хандыгынын ыйгарым жана толук укуктуу элчиси Пейтер ван Леувен менен жолугушту.
Жоомарт Оторбаев Элчини дипломатиялык миссиясынын аякташы менен куттуктады жана Кыргызстан менен Нидерланды мамлекеттеринин эки тараптуу мамилесинин өнүгүшүнө кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Маектин жүрүшүндө ал Пейтер ван Леувенге Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Бельгияга жасаган сапарынын жыйынтыгы жөнүндө маалымдады.
“Президент Алмазбек Атамбаевдин Брюссельге жасаган сапарында расмий делегациянын мүчөсү катары мен сапар абдан ийгиликтүү болгондугун айта алам. Биз Европалык Кеңештин баардык негизги институттарын көрүп чыктык. Ал жакта бизди жогорку деңгээлде гана тосуп албастан, ачык демократиялуу коомду курууга жетишүүдө өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга оң баа беришти. Сапардын алкагында кыргыз тарап Кыргызстанда таза шайлоону камсыздоого мүмкүнчүлүк жараткан Европа өлкөлөрү менен кызматташууга кызыктар экендигин билдирди”,- деди Жоомарт Оторбаев.
Биринчи вице-премьер-министр соода-экономикалык тармакта кызматташтыктын жанданганын, анткен менен Кыргызстан менен Нидерландынын товар алмашуусу дагы да болсо жетишсиз экендигин белгиледи. Ал 2012-жылга карата болгону 63,5 млн. долларды түзсө, 2013-жылдын 8 айында 48,8 млн. доллар болду.
“Былтыр биз 44 мамлекетке, анын ичинде Нидерландыга да визасыз режим киргизгенбиз. Биздин мамлекетке визасыз кирүү Кыргызстанда нидерландылык бизнестин өнүгүшүнө өбөлгө болот деп ишенебиз”, - деди Жоомарт Оторбаев.
Өз кезегинде Пейтер ван Леувен Европалык Кеңеш Кыргызстанда демократиянын өнүгүүсүнө назар салып жаткандыгын айтты.
“Сиздер туура жолдо бара жатасыздар. Кыргызстанда эл эркин ойлойт, эркин чечим чыгарат жана эркин кыймылда. Сиздердин мисалыңыздарда башка өлкөлөр таасирленсе болот”, - деди дипломат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү