30
Октябрь
Бүгүн, 30-октябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Швейцария Конфедерациясынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Лоран Гини биздин өлкөдө дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.
Жолугушууну ачып жатып Жоомарт Оторбаев эки өлкөнү - Кыргызстан менен Швейцарияны жакындаштырган кызматы үчүн Лоран Гиге ыраазычылык билдирди.
“Биз Швейцариянын көрсөтүп жаткан колдоосун жогору баалайбыз. Бишкекте Швейцария элчилигинин ачылып жатышы биздин эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө чоң өбөлгө болот”,- деп белгиледи Биринчи вице-премьер-министр.
Өз кезегинде Лоран Ги демократиялык коомго багытталган Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу системасындагы жаңыланууларга, акыркы реформаларга жогорку баасын берди.
“Коалициялык көпчүлүктүн Өкмөтүнүн иши мага жагат. Демократия бар жерде өлкөнүн өнүгүшүнө байланыштуу маселелерде түрдүү көз караш, ой-пикирлерге оорун бар. Тигил же бул таламдардын карама-каршылыгы аркылуу Өкмөттүн мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн иш алып баруусу кубандырат”,-деп жыйынтыктады дипломат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү