23
Октябрь
Бүгүн, 23-октябрда Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Россия ФедерациясынынНовосибирск мамлекеттик университетинин жана Россия илимдер Академиясынын Сибирь бөлүмүнүн жетекчилери менен жолугушту.
Жолугушуунун аягында Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети менен Новосибирск мамлекеттик университетинин ортосунда кызматташыы тууралуу Келишимине кол коюлду.
Мындан тышкары, Россия илимдер Академиясынын Сибирь бөлүмүнүн жетекчилиги менен Кыргызстан менен Россия ортосундагы илим жана билим берүү тармагында кызматташуунун абалы жана келечеги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын Россия илимдер Академиясынын Сибирь бөлүмү менен кызматташууну тереңдетүү маселелери талкууланды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү