08

Февраль

2013

Бүгүн, 8-февралда, Кыргыз Республикасынын Биринчи-вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев үйлөрү жер титирөөдөн жабыр тарткан Ысык-Көл областынын Ак-Суу районундагы Ак-Булак айылынын тургундары менен жолугушту. 

Жоомарт Оторбаев  ушул жылдын 28-январында болгон жер титирөөдөн жабыр тарткандарга Өкмөт тарабынан жардам көрсөтүлөөрүн белгиледи. “Учурда жер титирөөнүн кесепетинин чыгымдарынын өлчөмүн аныктоочу комиссия иштеп жатат”,- деп маалымдады ал. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Асанакунов жер титирөөдөн жабыр тарткандарга кайтарымсыз 50 миң сом жана турак жайын калыбына келтирүү үчүн 200 миң сом ссуда берилип жатканын айтты. “Бирок бул каражаттар жетишсиз болгондуктан Өкмөттөн компенсация менен жардамдын суммасын көбөйтүүнү суранабыз”,- деп кошумчалады.

Биринчи-вице –премьер-министр жабыр тарткан жарандарга компенсациянын жана жардамдын суммасын көбөйтүү тууралуу сунуш Өкмөт тарабынан сөзсүз түрдө каралат деп жооп берди. 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү