28

Июль

2018

ЕӨАК жыйынынын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылары бир катар документтерге кол коюшту

Бүгүн, 27-июлда, Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) өткөн Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ катышуучу-өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылары бир катар документтерге кол коюшту.

Төмөндө документтердин тизмеси келтирилген:

1. Евразия экономикалык биримдигинин санариптик күн тартибин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө. - Тапшырма. 2. Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин 2018-жылдын 2-февралындагы №2 Тапшырмасын аткаруу боюнча иштердин жүрүшү жөнүндө - Тапшырма 3. Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин 2018-жылдын 2-февралындагы №4 Тапшырмасын аткаруу тууралуу - Тапшырма, Чечим. 4. Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин 2018-жылдын 2-февралындагы №3 Тапшырмасын аткаруунун жүрүшү тууралуу - Тапшырма 5. Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин экспортерлоруна Россия Федерациясынын деңиз портторунун инфраструктураларынын кызматтарынын жеткиликтүүлүгү жөнүндө - Тапшырма. 6. Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 29-майындагы «Евро биримдик өлкөлөрүнөн чыккан жана Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагына ташылган гербициддерге карата антидемпингдик алымдарды киргизүү аркылуу антидемпингдик чараны колдонуу жөнүндө» №90 Чечимин жокко чыгаруу жөнүндө - Тапшырма. 7. Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколдун долбоорунун үстүндө иштөөнүн жүрүшү тууралуу - Буйрук, Тапшырма. 8. Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин «Евразия экономикалык биримдигинин жалпы газ рыногун түзүү жөнүндө» чечиминин долбоору жөнүндө - Тапшырма. 9. Авиациялык кырсыктарды жана олуттуу окуяларды тергөө боюнча орган түзүү иштеринин жүрүшү жөнүндө - Буйрук. 10. Чет мамлекеттер тарабынан мүчө-мамлекеттерге карата бир жактуу протекционисттик чараларды киргизүү шарттарында ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин экономикалык кызыкчылыктарын коргоо жамааттык чараларын колдонуу жөнүндө - Тапшырма. 11. Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө - Тапшырма.

12. Евразия экономикалык комиссиясынын 2017-жылдагы чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоо мониторинги жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын жылдык отчету тууралуу - Буйрук.

13. 2017-жылдагы Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттерин бюджеттеринин ортосундагы ташып кирүү бажы алымдарынын суммасын эсептөө жана бөлүштүрүү жөнүндө- Буйрук. 14. Өндүрүштүн артыкчылыктуу тармактарында кооперация жана импортту алмаштырууда интеграциялык өз ара аракеттенүү маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топту түзүү жөнүндө - Буйрук. 15. Жогорку Евразия экономикалык кеңешине Кеңештин мүчөлөрүнүн жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөлөрүнүн талапкерлерин сунуштоо жөнүндө - Буйрук. 16. Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана жери жөнүндө - Буйрук.

Эскерте кетсек, Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин жыйынында тар жана кеңейтилген түрдө ЕАЭБ катышуучу-өлкөлөрүнүн: Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Өкмөт башчылары катышууда.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча ЕӨАК кезектеги жыйынын үстүбүздөгү жылдын октябрында Беларусь Республикасында өткөрүү чечими кабыл алынды.

[su_carousel source="media: 120531,120530" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү