02
Декабрь
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү системасын оптимизациялоо реформасынын алкагында калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапаты боюнча бир катар чаралар көрүлүүдө.
Өкмөттүн Аппаратынын демилгеси менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу Кеңеши, жергиликтүү башкаруу иштери жана улуттар аралык мамиле боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан, ПРООНдун “Дараметти өстүрүү механизмдери” долбоорунун колдоосу менен 2013-жылдын 29-30- ноябрында “Муниципалдык кызматтарды оптимизациялоо: муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча Типтүү стандартынын долбоорун текшерүүдөн өткөрүү жана кызмат көрсөтүүнү иштеп чыгуу боюнча Нускаманы колдонуу” аталышындагы семинар-тренинг өттү.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар муниципалдык кызмат көрсөтүүнү стандартташтыруу маселеси боюнча жетишилген ийгиликтерди талкуулашты. Соңунда, муниципалдык кызмат көрсөтүү Типтүү стандартын колдонуу ыкмаларын иш жүзүндө текшерип көрүштү.
Базалык реестр долбооруна киргизүү боюнча 20 муниципалдык кызмат карап чыгууну талап кылууда. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ишинин тазалыгын арттыруу үчүн жана стандарттарды колдонууга окутуу боюнча өз учурунда маалымдоо маселелерин чечүү зарыл.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү