11

Июнь

2020

Эл аралык аба каттамдарды жандандыруу маселеси боюнча

Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык ыкчам штаб бир катар чет мамлекеттердин туруктуу эл аралык, анын ичинде Кыргыз Республикасына/Республикасынан аба каттамдарды жандандыруу чечимин жарыялагандыгына байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет. 

Кыргызстандан/га эл аралык аба каттамдарды калыбына келтирүү боюнча тиешелүү чечим штаб тарабынан өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды жана анын курчушу мүмкүн экендигин эске алуу менен кабыл алат.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасына/Республикасынан чартердик каттамдарды уюштуруу зарылдыгына жараша улантылат.