06

Сентябрь

2019

Эмилбек Алымкулов Нарын шаарынын мэри кызматынан бошотулду

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын мэри Алымкулов Эмилбек Абдыраимович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.