01

Май

2019

Ереван шаарында ЕӨАК жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Бүгүн, 30-апрелде, Армения Республикасынын Ереван шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө төмөнкү документтер каралды:

- «Өнөр жай кооперациялар, субконтрактациялар жана технологиялар трансфери Евразиялык түйүнү» долбоорун ишке ашыруу жөнүндө» Чечим;

- «Армения Республикасынын,  Кыргыз Республикасынын жана  Россия Федерациясынын чарбалык субъекттери менен Армения Республикасынын,  Кыргыз Республикасынын жана  Россия Федерациясынын аткаруу бийлик органдарынын өз ара маалыматтык аракеттешүүсү учурунда электрондук санариптик кол тамганын (электрондук кол тамга) улуттук криптографиялык стандарттарын колдонуу жөнүндө» Чечим;

 - «Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 29-майындагы № 90 Чечимин өзгөртүү жөнүндө» Чечим;

- «Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын   2019-жылдын 22-январындагы № 11 Чечиминин күчүнө кирүүсү жөнүндө» Чечим;

- «Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттери тарабынан Евразия экономикалык биримдигинин ички рыногунун иштөөсү алкагында тоскоолдуктарды четтетүү боюнча иштердин жүрүшү жөнүндө» буйрук, тапшырма;

- «Товарларды ташууда чыккан өлкөсүн аныктоонун бирдиктүү мамилелерин бекитүү жөнүндө» тапшырма;

- «Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин бюджеттеринин ортосунда ташуу үчүн бажы алымдарынын суммасын бөлүштүрүү ченемдери жөнүндө» тапшырма;

- «Евразия экономикалык биримдигинде сооданын санариптик экотутумун өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жөнүндө» Буйрук;

- «Евразия экономикалык комиссиясынын 2018-жылдагы чечимдер долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоого мониторинг жүргүзүү жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын жылдык отчету жөнүндө» Буйрук;

- «Тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жөнгө салуу тутумунда «бирдиктүү терезе» улуттук механизмдеринин эталондук моделин сыпаттоо жөнүндө» Чечим;

- «Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөсүнүн талапкерлигин сунуштоо жөнүндө» Буйрук;

- «Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегия мүчөсүнүн талапкерлигин сунуштоо жөнүндө» Буйрук;

- «Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө» Буйрук;

- «Комиссияга караштуу евразия интеграциялык долбоорлорду жана программаларды башкаруу боюнча Биримдиктин агенттигин түзүү жана иштөө концепциясы жөнүндө» тапшырма.

[su_carousel source="media: 132499,132500,132497,132504,132502,132501,132493,132498" limit="23" link="image" title="no"]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

                                   маалыматтык камсыздоо бөлүмү