21
Июнь
2018
Эркин Чечейбаев КР саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев буйрукка кол койду, ага ылайык Чечейбаев Эркин Маратович Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы санитардык врачы болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү