15
Февраль
2017
Эркинбек Маматаев Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун акими болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду, ага ылайык Маматаев Эркинбек Садирбекович Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү