05
Январь
2021
Эсеналы Ормоналиев Аксы районунун акими кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесинин 7-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими Ормоналиев Эсеналы Касымалиевич берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков кол койду.