16
Ноябрь
2020
Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттериндеги бош орундарга сынак жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттериндеги бош кызмат орундарына сынакка катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлердин квалификациялык тандоо жөнүндө жарыялайт.
Бул чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 506 «Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттериндеги жооптуу кызматтардын бош орундарына сынакка катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлердин ички квалификациялык тандоосун өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык кабыл алынды.