28

Ноябрь

2018

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Минск шаарында (Беларусь Республикасы)өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчылары тарабынан бир катар документтерге кол коюлду. 

Төмөндө Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңири форматтагы жыйынында кол коюлган документтердин тизмесин келтиребиз:

- Евразиялык долбоордун 25 жылдыгын жана 2019-жылы Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 5 жылдыгын майрамдоо боюнча иш-чаралар программасын бекитүү жөнүндө;

- Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин «Евразиялык экономикалык биримдиктин 2019-жылга бюджети жөнүндө» чечим долбоору жөнүндө. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин «Евразиялык экономикалык биримдиктин 2017-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету тууралуу» чечим долбоору жөнүндө;

- Евразиялык экономикалык биримдиктин жана Евразиялык экономикалык комиссиянын Сотунун финансы-чарбалык ишмердүүлүгүн ревизиялоо жүргүзүү жөнүндө;

- Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин айыл чарба продукциясы, азык-түлүк, зыгыр буласы, булгаары сырьесу, пахта буласы жана жүн боюнча 2018-2019-жылдарга карата агрардык өнөр жай комплексин өнүктүрүү божомолдору, суроо-талап жана сунуш теңдештиктери жөнүндө;

- Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерде электр кыймылдаткычтуу дөңгөлөктүү унаа каражаттарын өндүрүүнү жана пайдаланууну өбөлгөлөөнү камсыздоо боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө;

- Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2015-жылдын 8-сентябрындагы №9 Чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

- Евразия экономикалык Жогорку кеңешине Кеңештин жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясына мүчөлөрдүн талапкерлигин сунуштоо жөнүндө;

- Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө.

[su_carousel source="media: 126350,126374,126376" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 125694,125695,125696" link="attachment" title="no"] [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

                                                                                                маалыматтык камсыздоо бөлүмү