02
Февраль
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын соңунда бир катар документтерге кол коюлду
Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын соңунда бир катар документтерге кол коюлду.
Атап айтканда, Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн өкмөт башчылары төмөнкү келишимдерге жана чечимдерге кол коюшту:
- ЕАЭБ санариптик күн тартиби алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу механизмдери жөнүндө;
- Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2018-жылдын 27-июлундагы № 10 тапшырмасынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө;
- ЕАЭБге мүчө мамлекеттер аралык 2018-жылкы өз ара сооданын абалы жөнүндө;
- ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн макроэкономикалык абалы жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыздоо боюнча сунуштар жөнүндө;
- ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер ортосундагы үзгүлтүксүз кеңешмелерди өткөрүү жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоо боюнча сунуштар жөнүндө;
- Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө.
Ошондой эле Кеме жүргүзүү боюнча келишимге кол коюлду, ага кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов кол койду.
[su_carousel source="media: 128913,128908,128909,128910,128911,128912" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү