01

Февраль

2019

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйыны өтүүдө

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Алматы (Казакстан Республикасы) шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышууда.

Тар чөйрөдөгү жыйындын башталышында ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүнүн делегация башчыларынын биргелешип сүрөткө түшүү иш-чарасы өттү.

Андан соң өкмөт башчылар Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына киришти, анын жүрүшүндө ЕАЭБ алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле Биримдиктин алкагында келечектүү интергациялоо боюнча чаралар талкууланып жатат.

[su_carousel source="media: 128864,128865,128866" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү