20

Январь

2020

Евразиялык экономикалык бирликтин алкагында эл аралык келишимдерди кыргыз тилине которуу боюнча кызмат көрсөтүү үчүн өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы

Евразиялык экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2014-жылдын 18-сентябрындагы №72 чечимине ылайык, Евразиялык экономикалык бирликтин алкагында эл аралык келишимдерди кыргыз тилине которуу боюнча кызмат көрсөтүү үчүн тандоону уюштуруу үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. 


Мекемелер аралык комиссияга бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына сынакты жарыялоо менен Евразиялык экономикалык бирликтин жана Евразиялык экономикалык бирликтин органдарынын актыларынын алкагында эл аралык келишимдерди кыргыз тилине которуу боюнча кызмат көрсөтүү үчүн тандоону уюштуруу тапшырмасы коюлган.  


Төмөнкүлөр сынакка катышуу үчүн арыз берген:


  1.  «Кыргыздипсервис» дипломатиялык сервиси мамлекеттик ишканасы; 
  2. «Типография» мамлекеттик ишканасы.


Бекитилген тандоо критерийлерине ылайык, сынак комиссиясы талапкерлердин топтогон баллынын негизинде Евразиялык экономикалык бирликтин жана Евразиялык экономикалык бирликтин органдарынын актыларынын алкагында эл аралык келишимдерди кыргыз тилине которуу боюнча кызмат көрсөтүү үчүн уюштурулган сынакта жеңүүчү деп «Кыргыздипсервис» мамлекеттик ишканасын тапты.