30

Апрель

2015

Фермерлерге жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөргө 1млрд 277 млн сом суммасындагы 3 миңден ашуун жеңилдетилген кредит берилген

29-апрелге карата “Айыл чарбасын каржылоо – 3” долбоорун ишке ашыруу алкагында республиканын айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөрүнө, дыйкан жана фермердик чарбаларга жалпы суммасы 1 млрд 277 млн 146 миң сомдук 3 миң 537 жеңилдетилген кредит берилген. Аталган сумманын 1 млрд 71 млн 476 миң сому мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө, ал эми жашылча өстүрүүгө - 170 млн сом, кайра иштетүүчү ишканаларга 35 млн сом берилген.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү