25

Июнь

2015

Фермерлерге жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөргө берилген жеңилдетилген кредиттердин суммасы 2 млрд 552 млн сомдон ашты

25-июнга карата “Айыл чарбасын каржылоо – 3” долбоорун ишке ашыруу алкагында республиканын айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөрүнө, дыйкан жана фермердик чарбаларга жалпы суммасы 2 млрд 552 млн 412 миң сомдук 6 миң 936 жеңилдетилген кредиттер берилди. Аталган сумманын 2 млрд 61 млн 449 миң сому мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө, ал эми өсүмдүктөргө – 307 млн 392 миң сом, кайра иштетүүчү ишканаларга 183 млн 570 миң сом берилди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү