27

Октябрь

2018

Финансы министрлигине биринчи кезекте артыкчылыктуу долбоорлорду жана программаларды каржылоону ишке ашыруу тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыктуу долбоорлорун жана программаларын каржылоону ишке ашыруу тапшырылды.

“Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын финансы  министри Адылбек Касымалиев баяндама жасады.

«Мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен 2018-жылга республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 142 276,7 млн сом суммада, же ИДПнын 25,5% деңгээлинде болжолдонот. 2018-жылга республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эске албастан, 157 486,7 млн сом (ИДП 28,2 %) деңгээлинде белгиленген, бул 2018-жылдын бекитилген бюджетинен 3 662,6 млн сомго аз. 2018-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы ИДПнын 2,7 %ын түзөт», - деди ал жана үстүбүздөгү жылы бюджеттин тартыштыгын жабууга тийиштүү каржылоо булактары каралгандыгын билдирди.

Ал белгилегендей, 2018-жылга карата бюджеттин параметрлерине түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн негизги фактор катары өлкөнүн 2018-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүүсү, учурдагы аткарылышы, киреше бөлүгүнүн өзгөрүүсү жана жаңы социалдык маанилүү чыгаша демилгелеринин кабыл алынышы болуп эсептелет.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев ар кыл мамллекеттик органдар тарабынан өздөштүрүлүшү тийиш болгон түрдүү гранттардын каражаттары тууралуу сурады.

«Тигил, же бул макулдашуулардын өз учурунда ратификацияланбай калгандыгы үчүн республика айыппул төлөшү керек. Сиз, финансы министри катары мамлекеттик органдын кайсы жетекчиси ар кыл келишимдерди ратификациялоо боюнча планды аткарбай жаткандыгын маалымдап турушуңуз керек. Эмне үчүн биз кайдыгерлик мамиледен улам айыппул төлөшүбүз керек» - деди Өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, мамлекеттик органдардын ар бир жетекчиси тигил, же бул макулдашуу өз мөөнөтүндө ратификацияланбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартышы керек.

Өкмөт башчы мамлекеттик органдарга бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу жана максаттуу пайдалануу зарылдыгына өзгөчө басым жасады.

Маалыматты угуунун соңунда “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына 2018-жылга карата бажы жана салык төлөмдөрү боюнча бекитилген пландык көрсөткүчтөрдү толугу менен аткарылышын камсыздоо, ошондой эле Бюджетке кошумча түшүүчү кирешелер боюнча 2018-жылга карата иш-чаралар планын аткаруу жана салык менен бажы төлөмдөрүн администрациялоону жакшыртуу боюнча чараларды көрүүсү тапшырылды.

[su_carousel source="media: 125118,125117,125097,125096,125095,125094" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү