16

Январь

2019

ФОТОРЕПОРТАЖ - Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Дача СУ айылындагы авиа кырсыктын 2 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасына катышты

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов 2017-жылдын 16-январында Дача СУ айылында  «Боинг-747»  жүк учагынын кыйрашынан каза болгондордун эстелигине гүл коюу аземине катышты. 

Учактын кыйрашынын 2 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасына ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Досалы Эсаналиев, каза тапкандардын жакындары жана коомчулук өкүлдөрү катышышты.

Иш-чарада маркумдарга куран окутулду.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 16-январында ACT Airlines (MyCargo) авиакомпаниясынын айылында  «Боинг-747»  жүк учагы кырсыкка учурап, анын кыйрашынын кесепетинен 39 адам набыт болгон, 4 экипаж мүчөсү – Түркиянын жарандары жана 35 Кыргызстандын жараны.

[su_carousel source="media: 127964,127965,127966,127967,127968,127969,127970,127971" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү