05

Апрель

2019

ФОТОРЕПОРТАЖ – Өкмөттүн кезектеги жыйынында жылытуу мезгилинен өтүүнүн жыйынтыктары жана калкты таза суу менен камсыздоо чаралары каралууда

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 5-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүүдө.

Жыйындын жүрүшүндө 2018/2019-жылдагы күз-кыш жылытуу мезгилинен өтүүнүн жыйынтыктары жана 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жөнүндө, ошондой эле өлкө калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу чаралары каралууда.

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмиль Осмонбетов, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармагынын төрагасы Азамат Абдыкадыров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев жана Мамкурулуш агенттигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо департаментинин директору Аскарбек Токтошев  тиешелүү баяндамаларды жасашат.

  [su_carousel source="media: 131594,131595,131596,131597,131598,131599,131600,131601,131602,131603,131604,131605,131606,131607,131608,131609,131610,131611" limit="66" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү