29
Август
ФОТОРЕПОРТАЖ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны
Бүгүн, 28-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынын өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратов Кыргыз Республикасынын 2018-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүнүн аткарылышынын жүрүшү тууралуу баяндама жасады.
Андан соң Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова Кыргыз Республикасынын БУУ Майыптардын укугу жөнүндө конвенциясын ратификациялоого даярдыгынын жүрүшү боюнча маалымат берди.
[su_carousel source="media: 121881,121880,121879,121878,121876,121877,121875,121874,121866,121865,121864,121863,121862" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү