26
Октябрь
ФОТОРЕПОРТАЖ – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүүдө
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 26-октябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүүдө.
Жыйында “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору каралууда.
Мындан тышкары, жыйында Кыргыз Республикасынын 2017-жылдагы республикалык бюджетин аткаруунун аудити жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жана күзгү-талаа жумуштарынын жүрүшү жөнүндө маселелер талкууланат.
Жыйындын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министри Адылбек Касымалиев жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев баяндама жасашат.
[su_carousel source="media: 125087,125088,125089,125090,125091,125092,125093,125094,125095,125096,125097" link="attachment" title="no"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү