15
Февраль
ФОТОРЕПОРТАЖ – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүүдө
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 15-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүүдө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү тарабынан Кыргыз Республикасын 2018-жылы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маселе каралды.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды региондорду өнүктүрүүнүн жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын жана 2018-2022-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын региондук саясат концепциясын аткаруунун жүрүшү тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги №2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасын ишке ашыруу боюнча 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн планын бекитүү жөнүндө маселелер каралат.
Жыйындын күн тартибиндеги маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратов баяндама жасайт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды региондорду өнүктүрүүнүн жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын жана 2018-2022-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын региондук саясат концепциясын аткаруунун жүрүшү тууралуу маселе боюнча Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова кошумча баяндама жасашат.
[su_carousel source="media: 129389,129395,129388,129401,129390,129396,129393,129402,129394,129391,129397,129399,129400,129398" link="image" title="no"]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү