22
Май
ФОТОРЕПОРТАЖ – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүүдө
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 22-майда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүүдө.
Жыйында мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак-жай 2015-2020” программасын ишке ашыруунун жүрүшү жана аны өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө маселе талкууланууда.
Жыйындын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча баяндамачылар – Кыргыз Республикасынын финансы министри Бактыгүл Жээнбаева жана “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКнын төрагасы Бактыбек Шамкеев.
[su_carousel source="media: 133185,133175,133176,133177,133178,133179,133180,133174,133181,133182,133183,133184,133186,133187" limit="23" link="image" title="no"]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү