27

Сентябрь

2018

ФОТОРЕПОРТАЖ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өттү

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны өттү. Жыйындын жүрүшүндө “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө баяндамасы менен Кыргыз Республикасынын Финансы министри Адылбек Касымалиев чыкты. Андан соң 2018-2019-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмиль Осмонбетов жана “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Азамат Абдыкадыров маалымат беришти.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

[su_carousel source="media: 123373,123372,123371,123370,123369,123368,123367,123366,123365,123364,123363,123362,123361,123360,123359,123358,123357,123356,123355,123354,123350" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 122400,122401,122402,122403,122404,122405,122406,122407,122408" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]