26
Октябрь
2018
ФОТОРЕПОРТАЖ - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна жумушчу сапары менен барды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна жумушчу сапары менен барды.
Сапар алкагында Өкмөт башчы Баткен жана Лейлек райондорундагы Ш.Гана атындагы жана «Тогуз-Булак» орто мектептеринин жана бала бакчанын ачылыш салтанатына катышты.
Ошондой эле ал кесиптик лицейдин курулушунун жүрүшү менен таанышып, Исфана шаарындагы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер И.Раззаковдун эстелигине гүл койду.
Мындан тышкары сапардын алкагында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айыл чарба көргөзмөсүнө барып, Лейлек районунун 90 жылдыгын белгилөөгө катышты.
[su_carousel source="media: 125019,125018,125017,125016,125015,125014,125013,125012,125011,125010,124996,124997,124998,124999,125000,125001,125002,125003,125004,125008,125009,124995,124994,124993,124992,124991,124990,124989,124988,124987,124986,124985" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү