08

Июль

2018

ФОТОРЕПОРТАЖ- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин Ысык-Көл облусу боюнча эки күндүк жумушчу сапарынын экинчи күнү аяктады

Өкмөт башчы бүгүн, 7-июлда, Аймактарды өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынына катышты.

Ошондой эле Премьер-министр Кыргызстандагы Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) борборуна барып, «Бир айыл – бир продукт» долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыктары менен таанышты.

Мындан тышкары Ысык-Көл облусу боюнча жумушчу сапарынын жүрүшүндө ал Каракол шаарынын унаа жолдорун реконструкциялоо пландары менен таанышып чыкты.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле Ак-Суу районунун Тепке айылындагы дыйкан чарбанын жана Жеңиш айылындагы «Жанаалы» фермердик чарбасынын ишмердиги менен таанышып, Тоң районунун Дөң-Талаа айылындагы мектептин абалын көрүп келди.

[su_carousel source="media: 119792,119795,119794,119793,119791,119790,119789,119788,119762,119763,119771,119772,119773,119774,119775,119776,119761,119760,119759,119758,119757,119756,119755,119739,119723,119724,119725,119726,119735,119736,119737,119738,119720,119721,119722,119718,119719" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү