27

Ноябрь

2018

ФОТОРЕПОРТАЖ – Минск шаарында ЕӨАК кезектеги жыйыны тар курамда өтүүдө

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда Минск шаарында (Беларусь Республикасы) ЕАЭБ Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйыны тар курамда өтүүдө. Андан соң ЕӨАК жыйыны кеңейтилген форматта өтүп, анын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат. Жыйындын башында ЕАЭБ Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынынын алкагында Беларусь Премьер-министри Сергей Румас менен делегация башчыларынын саламдашуу салтанаты, андан соң биргелешип сүрөткө түшүү аземи өттү. [su_carousel source="media: 126321,126318,126317,126316,126315,126314" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 125694,125695,125696" link="attachment" title="no"] [/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү