28
Июль
ФОТОРЕПОРТАЖ - Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЕӨАК кезектеги жыйынына катышты
Кыргыз Республикасынын Премьер-Министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 27-июлда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында өткөн Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.
Жыйында Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин кызматташууларын мындан аркы тереңдетүү маселелери каралды. Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-Министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушуусу өтүп, анда тараптар эки жактуу кызматташуу келечектерин талкуулашты.
Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин жыйыны ЕАЭБ катышуучу-өлкөлөрүнүн: Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Өкмөт башчыларынын катышуусунда өттү.
[su_carousel source="media: 120530,120537,120536,120535,120531,120526,120506,120507,120508,120519,120520,120521,120522,120523,120524,120525,120505,120504,120503,120541,120540,120543,120542" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү