18

Август

2018

ФОТОРЕПОРТАЖ - Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстан-Казакстан Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын 16-17-августунда Астана шаарында (Казакстан Республикасы) өткөн Кыргызстан-Казакстан Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты.

Жыйында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну мындан аркы тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери каралды.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча жыйынтык протоколуна жана бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюлду.

Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиевдин Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен эки тараптуу жолугушуусу орун алды.

Мындан тышкары эки өлкө Премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев жана Бакытжан Сагинтаев Астана шаарынын көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысмын ыйгаруу салтанатына катышты.

Буга катар Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Expo 2017 Astana» көргөзмөсүнүн алкагында курулган «Astana Hub» эл аралык IT-стартап технопаркына барып жана «Нур Алем» павильону менен таанышты.

[su_carousel source="media: 121482,121481,121480,121479,121476,121475,121474,121473,121472,121471,121470,121459,121460,121461,121462,121463,121464,121465,121466,121467,121468,121469,121458,121457,121456,121455,121454,121453,121452,121451,121450,121449,121448,121447,121446,121445,121444,121443" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]

 Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү