27
Июль
ФОТОРЕПОРТАЖ – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Санкт-Петербургда ЕӨАК кезектеги жыйынына катышууда
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 27-июлда, Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин (ЕӨАК) тар чөйрөдөгү жыйынына катышууда.
Тар чөйрөдөгү жыйындын башталышында ЕӨАК жыйынына төрагалык кылган Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен кол алышуу жана биргелешип сүрөткө түшүү салтанаты өттү.
Жыйындын жүрүшүндө ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүнүн интеграциялык биримдиктин алкагындагы кызматташууларынын актуалдуу маселелери каралды.
Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин жыйынында тар жана кеңейтилген түрдө ЕАЭБ катышуучу-өлкөлөрүнүн: Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Өкмөт башчылары катышууда.
[su_carousel source="media: 120508,120507,120506,120505,120504,120503" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү