30
Август
ФОТОРЕПОРТАЖ - Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көлдөгү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитине карата даярдыктарды текш
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусуна бир күндүк жумушчу сапары менен барып, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдыктарды текшерди.
Өкмөт башчы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында маданий иш-чаралар өтө турган Кырчын жайлоосуна барды.
Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдун даярдыгын текшерип, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына карата репетицияга күбө болду.
Премьер-министр ошондой эле Балыкчы-Корумду унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Жумушчу сапардын жыйынтыгы боюнча Өкмөт башчы алдыдагы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Мамлекет башчыларынын саммитине даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү.
[su_carousel source="media: 121918,121916,121917,121919,121921,121920,121922,121925,121936,121937,121939,121968,121966,121965,121964,121963" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү