16

Март

2019

ФОТОРЕПОРТАЖ – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жалпы республикалык ишембиликке катышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышышты.

Иш-чара республиканын шаарларын жана калктуу конуштарынын аймактарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлыктын алкагында уюштурулган.

Ишембилик Бишкек шаарындагы Д.Асанов атындагы Жеңиш паркынын аймагында өттү. Иш-чаранын алкагында Премьер-министр жана Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлери бактардын көчөттөрүн отургузушту жана парктын аймагындагы таштандыларды тазалашты.

[su_carousel source="media: 130429,130428,130427,130426,130425,130424,130423,130422,130421,130420,130419,130418,130416" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү