18
Июль
ФОТОРЕПОРТАЖ - Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу сапары менен Грузияга барды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 16-17-июлда жумушчу сапары менен Грузияга барып, анда «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин 5-чи Саммитине катышты.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Грузия Республикасынын Президенти Георгий Маргвелашвили жана Грузия Республикасынын Премьер-министри Мамука Бахтадзе менен эки жактуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Ошондой эле Өкмөт башчы Грузия Республикасынын Экономика жана туруктуу өнүктүрүү министрлигинин туристтик тармакты жана пенсиялык тутумду реформалоо жаатындагы, Грузия Республикасынын Финансы министрлигинин фискалдык саясат тармагындагы ишмердиги менен таанышты.
Андан соң ал Грузия Республикасынын Юстиция үйүнө жана Грузия Республикасынын Ички иштер министрлигинин Биргелешкен операциялар борборуна жана Бирдиктүү тейлөө борборуна барып, Грузия Республикасынын «Коопсуз шаар» долбоорунун иштөө тажрыйбасы менен таанышып чыкты.
Жумушчу сапардын алкагында Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүк эл аралык демилгесинин башкы директору Санджай Прадхан менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын «Ачык Өкмөт» демилгесине катышуусун талкуулашты, ага биздин өлкө 2017-жылдын ноябрында кошулган.
[su_carousel source="media: 120179,120199,120198,120197,120196,120195,120194,120193,120192,120180,120181,120186,120187,120188,120189,120190,120191,120178,120177,120163,120162,120161,120160,120159,120143,120144,120145,120151,120152,120153,120154,120157,120158,120142,120141,120140,120133,120132,120129,120128,120127,120126,120125,120124,120107,120112,120113,120114,120115,120116,120119,120120,120121,120122,120123,120106,120105,120104,120103,120102" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү