25

Октябрь

2019

ФОТОРЕПОРТАЖ – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Москва шаарында КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышууда

Кыргыз Республикасынан Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Федерациясынын Москва шаарындагы иш сапарынын алкагында   «Сколково» инновациялык борборунда өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын чакан курамына катышууда. 


Жыйын башталардан мурда делегация жетекчилери менен учурашуу, ошондой эле чогуу сүрөткө түшүү аземи болду. 


Андан соң Кеңештин кеңейтилген курамдагы жыйыны болот, анын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлат. Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын күн тартибине 19 маселе кирген.