07

Декабрь

2016

ФОТОРЕПОРТАЖ - Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна жумушчу сапары менен барды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков шейшембиде, 6-декабрда, Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Сапар алкагында Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай алыскы тоолуу райондорундагы инфраструктуралык жана социалдык объектилердин абалы менен таанышты. Алай районунда Өкмөт башчы Арча-Булак айылындагы жаңы көпүрөнүн, Сары-Могол айылындагы жаңы мектептин ачылышына катышып, Гүлчө дайрасында курулчу дамбанын долбоору менен таанышты. Чоң-Алай районунда Сооронбай Жээнбеков «Кара-Мык» чек ара заставасына барып, Дароот-Коргон айылындагы оорукананын курулушу менн таанышты. Ошондой эле Өкмөт башчы Кара-Тейит айылындагы Ак-Суу орто мектебинин ачылышына катышты. [su_carousel source="media: 86268,86269,86270,86271,86272,86273,86274,86275,86276,86277,86278,86279,86280,86281,86282,86283,86284,86285,86286,86287,86288,86289,86290,86291,86292,86293,86294,86295,86296,86297,86298,86299,86300,86301,86302,86303,86304,86305,86306,86307"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү