21

Декабрь

2016

ФОТОРЕПОРТАЖ – Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна жумуш сапары менен барды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-декабрда, бир күндүк жумуш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды.

Жумушчу сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков айыл чарба тармагындагы ишке ашып жаткан долбоорлор жана Тоң, Жети-Өгүз райондорундагы билим берүү мекемелеринин иши менен таанышып чыкты.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Тоң районунун Кара-Шаар айылындагы спорттук залдын ачылыш салтанатына катышып, Кара-Коо айылындагы орто мектептин курулуш ишинин жүрүшү менен таанышты. Аны менен бирге Премьер-министр Ак-Өлөң айылындагы балык чарбасына барды, анда айыл чарба техникасы түрүндө инвестиция тартуу боюнча долбоорлор менен таанышты.

Өкмөт башчы Жети-Өгүз районундагы Жон-Булак айылындагы орто мектептин ачылыш аземине катышып, Кызыл-Суу айылындагы орто мектептин имаратынын курулуш ишинин жүрүшү менен таанышты.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Барскоон айылындагы фермерлерге колдоо көрсөткөн жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө салым кошкон «Барс-s» муниципалдык мекемесине жана «Ак-Жалга»ЖАК сүт ишканасына барды.

[su_carousel source="media: 86984,86985,86986,86987,86988,86989,86990,86991,86992,86993,86994,86995,86996,86997,86998,86999,87000,87001,87002,87003,87004"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097"][su_carousel source="media: 86097,86102,86101,86099,86098"][su_carousel source="media: 86102,86101,86099,86098,86097" link="post"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү