27
Сентябрь
Фоторепортаж – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүүдө

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүүдө.
Жыйындын жүрүшүндө «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө маселе каралууда.
Мындан тышкары, жыйында Кыргыз Республикалш сынын тамак-аш кайра иштетүүчү өнөр жайынын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү жөнүндө маселе талкууланмакчы.
Жыйындын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министри Бактыгүл Жээнбаева, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев баяндама жасашат.