05

Октябрь

2019

ФОТОРЕПОРТАЖ – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Ош жана Баткен облустарына жумушчу сапары

5-октябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жана Баткен облустарына, Ош шаарына жумушчу сапары менен барды.

Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы С.Токторов атындагы мектептин жана Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылдык округундагы суу менен камсыздоо тутумунун ачылышына катышты. Ошондой эле Ноокат районунун Кара-Таш айылдык округундагы бала бакчанын, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы шифер заводунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, «Көтөрмө-Ак-Булак-Кыргыз-Ата» унаа жолунун салынып бүткөн тилкесин көрүп чыкты.

Мындан тышкары Ош шаарындагы «Ак-Ниет» сейил багынын жана Ош аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын «Бирдиктүү терезе» бөлүмүнүн ачылышына катышты.