25
Апрель
ФОТОРЕПОРТАЖ – Жогорку Кеңештин жыйынында Өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө Премьер-министрдин отчетун кароонун биринчи күнү
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун сунуштады.
Өкмөт башчы өзүнүн отчетунда өлкөнүн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрү, анын эл аралык рейтингдердеги позициялары, экономиканын ар кыл секторлорун өнүктүрүү жыйынтыктары, ошондой эле социалдык-экономикалык маселелерди чечүү боюнча чаралар тууралуу айтып берди.
Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчы жана министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.
Талкуулардын жыйынтыгы боюнча Өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Премьер-министрдин отчетун Жогорку Кеңештин эртең, 25-апрелдеги жыйынында кароону улантуу чечими кабыл алынды.
[su_carousel source="media: 132261,132289,132292,132293,132294,132295,132297,132298,132299,132300,132301,132302,132303,132304,132305,132306,132307,132309,132296,132288,132287,132286,132268,132269,132270,132272,132273,132276,132277,132278,132279,132280,132281,132267,132266,132265,132264,132263,132262,132308" limit="23" link="image" title="no"]
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү